Универсиадада ОшМУнун бокс жана оор атлетика боюнча командалары байгелүү орундарды ээледи

Башкы Жаңылыктар

Универсиадада ОшМУнун бокс жана оор атлетика боюнча командалары байгелүү орундарды ээледи

Image

Бишкек шаарында өтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Универсиадасында ОшМУнун бокс боюнча курама командасы 2-орун ээледи. Команда үч  алтын,  бир  күмүш,  беш  коло  медалды жеңип алышкан. Уюштуруучулар тарабынан  I даражадагы диплом жана 25 000 сомдук сертификат менен сыйланышты. Команданын машыктыруучусу Кыргыз Республикасынын  бокс  боюнча  эмгек  сиңирген  машыктыруучусу  Турдалы  Оморов.

Универсиададагы оор атлетика боюнча мелдеште ОшМУнун курама командасы бир алтын, бир коло медалды жеңип алышкан. Командалык эсепте 5-орунду ээлешти. Машыктыруучусу Казакбаев Халилилла.

Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин  спорттун 17 түрү боюнча өтөт. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.

Фото галерея