Пуатье университетинен келген делегация ОшМУнун ректору менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Пуатье университетинен келген делегация ОшМУнун ректору менен жолугушту

Image

Франциянын Пуатье университетинин италия тили жана цивилизациясы кафедрасынын профессору, Борбордук Азия университеттери менен кызматташуу маселелери  боюнча жооптуу Лисиа Багини жана Пуатье университетинин славян жана чыгыш тилдер бөлүмүнүн кызматкери Галина Субботина ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда ОшМУ менен  Пуатье университетинин “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишимдери боюнча пикир алышты. Анда эки окуу жайдын  илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу кызматташуулары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген делегация ушул жылдын февраль айында Пуатье университетинин чакыруусу менен  Францияда болуп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Фото галерея