ОшМУда салттуу музыка жумалыгынын алкагында илимий конференция өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда салттуу музыка жумалыгынын алкагында илимий конференция өтүп жатат

Image

Ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирүүнү көздөгөн “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагындагы иш-чара ОшМУда өтүп жатат.
Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Самара Токтакунова, Түгөлбай Казаков, Сулайман Кайыпов, Табылды Актанов, Роза Аманова  Рысбай Исаков, маданият ишмерлери, төкмө акындар жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов искусство факультетинин студенттери, окутуучулары, салтуу музыканын күйөрмандары катышууда.  
Иш-чарада  “Салттуу маданият жана искусствону изилдөө маселелери” аталышында илимий-практикалык конференция кадимки жана онлайн форматта уюштурулду. Конференциянын алкагында маданият тармагына кошкон салымы жана билим берүүдөгү үзүрлүү эмгектери үчүн маданият өкүлдөрүнө  ОшМУга эмгек синирген ишмер төш белгиси, Ардак Грамотасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылат. 
Ошондой эле бүгүн 24-апрелде Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда Салттуу музыка күнүнүн урматына жумалыктын жабылыш аземине арналган искусство ишмерлеринин гала-концерти болот.
Жумалык маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте уюштурулган.

Фото галерея