Казакстандын Евразия улуттук университетинде ОшМУнун  филиалы ачылды

Башкы Жаңылыктар

Казакстандын Евразия улуттук университетинде ОшМУнун  филиалы ачылды

Image

Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды. Аземге  Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков , кыргыз филологиясы факультетинин деканы Нурмамат Турганбаев, орус филологиясы факультетинин деканы Гулипа Мадмарова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдымиталип  Мурзакметов, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан  Сыдыков, аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

ОшМУнун  филиалын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетининде ачуунун максаты  жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (англис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо. 

Ал эми филиалдын арты менен  келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жыл Ош шаарында, кийинки эки жыл Казакстанда билим алышат.

Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегция иш сапардын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан  Сыдыков, проректорлор менен жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жаңы баскычка көтөрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле университеттин материалдык техникалык базасы менен таанышып, ЕНУда окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушту.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Фото галерея