Мамлекеттик катчы студенттер менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик катчы студенттер менен жолугушту

Image

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-апрелде ОшМУда шаардагы ЖОЖдордун студенттери  менен жолукту. Жолугушуу “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аталышындагы форумдун алкагында өттү.
Форумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров студенттер, шаардагы активдүү жаштар катышты. Анда кыргыз элинин нарк-насилин кийинки муунга жеткирүүдөгү жаштардын орду тууралуу сөз болду. 
Иш-чара өнүккөн заманга улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сактоо менен кадам таштоого, мекенчилдикке жаштарды үндөө максатында өткөрүлдү. “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” форумунун жүрүшүндө суроо-жооп, талкуу болду. Мамлекеттик катчы катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Фото галерея