ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы бекитилди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы бекитилди

Image

2023-жылдын 3-майында ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлу №243 жарлыгына ылайык өлкөдөгү беш жогорку окуу жайына алардын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өзгөчө макам берилген, анын ичинде ОшМУ дагы бар. Өзгөчө макамдын алкагында  5 жогорку окуу жай академиялык, каржы-экономикалык жана уюштуруучулук өз алдынчалыка ээ болушту.

Мындан тышкары ирилештирүү жүргүзүлүп ОшМУнун карамагына Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Ош шаардык №12 кесиптик лицейи, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү өттү.

ОшМУнун ички түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу  анын Уставы жаңы милдеттерге ылайык кайрадан каралып, такталып юридикалык каттоодон өттү. Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү кайрадан шайланып Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-мартындагы №1009/1  буйругу менен саны 11 кишиден турган түзүмү бекитилген.

Жыйында уюштуруу маселеси каралып ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы болуп Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов, Көзөмөлчүлүк кеңешинин катчысы болуп ОшМУнун пландоо-финансылык бөлүмүнүн башкы адиси, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Абдыманап Абдыкеримов шайланышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Көзөмөлчүлүк кеңештин жаңы түзүмүнө ийгилитерди каалап, университеттин жакынкы беш жылда дүйнөлүк алдыңкы университеттердин катарына кирүүгө жана окуу жайдын заманбап университет 4.0 моделине айланышына өз салымдарын кошот деген ишенимин билдирди.

Фото галерея