Окутуучулар  "Чоңдорду окутуу үчүн билим берүү" тренингине катышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар  "Чоңдорду окутуу үчүн билим берүү" тренингине катышты

Image

DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгү менен ОшМУнун Билим берүүнүн формалдык секторунда Curriculum GlobALe окуу программасын институционалдаштыруу долбоорунун 2-модулу 5-майда старт алып, ал "Чоңдорду окутуу үчүн билим берүү" деп аталды.

Ага ОшМУнун 17 окутуучусу жана DVV International Kyrgyzstan өкүлчүлүгүнөн долбоордун менеджери Айнура Макебаева катышууда. Программанын тренелери - Бишкек шаарынан келген Гулмира Шамканова жана Масума Баширова.

Тренингдин максаты - чоң адамдарды окутуудагы өзгөчөлүктөр, ошондой эле чоң адамдарды окутуудагы дидактикалык ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн, чоңдорду окутуудагы мотивациялык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү болуп саналат.

Фото галерея