Окумуштуу Келдибай Алымкулов 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуу Келдибай Алымкулов 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция өтүп жатат

Image

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика, математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги Келдибай Алымкуловдун 80 жылдык эскерүү мааракесине арналган  «Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү» аталышындагы  эл аралык илимий конференция өтүп жатат.

Эл аралык конференцияга катышкан Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Эрнис Толтоев,  Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөбүздүн бардык аймагынан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору Келдибай Алымкуловдун адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери жөнүндө сөз кылып, анын кийинки муунга калтырып кеткен илимдеги изи унутулбай тургандыктарын белгилешти.

Пленардык отурумда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “К.Алымкулов - окумуштуу, педагог, насаатчы” деген темада баяндама жасады. Андан сырткары Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Бишкектеги жогорку окуу жайлардан келген  белгилүү окумуштуулар илимий баяндамаларын окушту.  Конференциянын жүрүшү онланда ZOOM платформасы аркылуу да чагылдырылып турду.

Күндүн экинчи бөлүгүндөгү секциялык иштерде геометрия, топология, дифференциалдык теңдемелер, математикалык физиканын теңдемелери, операторлор теориясы, спектралдык теория, математикалык жана компьютердик моделдөө, математиканы жана информатиканы окутуунун усулдары багыттарында  баяндамалар жасалат.

Конференцияга келген конокторго жубайы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гулбадан Матиева тарабынан окумуштуунун 80 жылдык мааракесине арналып чыгарылган “К.Алымкулов - окумуштуу, педагог, насаатчы” деген аталыштагы китеби тартууланды. Китептин биринчи бөлүгүндө чыгаан  окумуштуу, дифференциялдык теңдемелер теориясында өзүнүн мектебин негиздеген насаатчы, педагог Келдибай Алымкуловдун кесиптештеринин, туугандарынын, окуучуларынын, досторунун эскерүүлөрү камтылган. Экинчи бөлүгүндө К.Алымкуловдун жана анын окуучуларынын илимий эмгектери баяндалган.

Келдибай Алымкулов ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошкон окумуштуу, анын жетекчилигинде 2 илимдин доктору, 9 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. 150дөн ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 

 

 

Фото галерея