Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Башкы Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Image

ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу  Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды утту.

Мунарбек Сейитбек уулу 1/2 финалда мушкер 57 кг салмакка чейинкилер категориясында Өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашып, жыйынтыгында коло медалдын ээси болду.

Мушкер чейрек финалда Тажикстандык боксчуну жеңип алган.

“Ал Орзубек Назаров менен Андрей Курнявкадан кийин дүйнө чемпиондугунда медаль алган үчүнчү ата мекендик мушкер жана Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи мушкер болуп калды деп сыймыктанып турабыз”, -деди Кыргыз Республикасынын  бокс  боюнча  эмгек  сиңирген  машыктыруучусу  Турдалы  Оморов.

Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында, бокс  боюнча  Кыргыз  Республикасынын  спортунун  чебери.  

 Машыктыруучулары КРнын спорт чебери Беганас Султанбаев, 2-машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу, Кыргыз Республикасынын  бокс  боюнча  эмгек  сиңирген  машыктыруучусу  Турдалы  Оморов.