ОшМУ институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат

Image

Эл аралык НААР агенттигинин (Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги, Казакстан) эксперттик комиссиясы 15-16-май күндөрү ОшМУну институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өткөрөт.

НААРдын эксперттик комиссиясынын курамында төрага, ф.-м.и.к, доцент, I категориядагы эксперт Юрий Белых (Беларусия) башында турган чет элдик, улуттук эксперттер бар.

Эксперттик комиссия алгач окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, ОшМУ тууралуу даярдалган презентациясы менен таанышты.  

Программага ылайык комиссия окуу жайдын ректору, проректорлору, структура жетекчилери, факультеттин декандары, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, студенттер  менен жолугушуп, маектешүүлөрдү өткөрүшөт. Университеттин жалпы инфрастуктурасы менен жеринен  таанышышат.  Ошондой эле факультеттерде программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо жана баа берүү иштерин алып барышат.

“2018-жылы ОшМУ биринчилерден болуп институционалдык көз карандысыз аккредитациядан беш жылга өткөн. Ошол мөөнөтүбүз бүтүп кайрадан аккредитациядан өтүп жатабыз. Бул биздин республиканын мыйзамында милдеттүү болуп саналат. Буга чейин жамаатыбыз менен бул процесске даярданып, өзүбүзгө-өзүбүз баа берип, айрым мүчүлүштүктөр болсо алардын үстүнөн иштедик. Бүгүн көз карандысыз НААР агенттигинин эл аралык эксперттери келип, баа берүү иштерин баштады. Аккредитациянын жыйынтыгында комиссия университет азыр кандай деңгээлде, сапатты камсыздоо боюнча кардарлардын алдына койгон милдеттенмелерин аткарып жатышабы деген суроонун айланысында бизге баа беришет. Институционалдык көз карандысыз аккредитациянын алкагында дагы  6 билим берүү программасы аккредитациядан өтөт”, -деди Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева.

  Казакстандык аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) Аккредиттөө боюнча КРнын атайын реестрине кирген уюм болуп эсептелет.

 

Фото галерея