ОшМУда Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнү өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнү өтөт

Image

Bilimfest 2023 -  ачык эшиктер күнү 17-майда ОшМУнун башкы имаратында өтөт.
Кесипке багыт берүү максатында өтүүчү иш-чарада окуу-жайдын факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт.
Билим фестивалында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Менин тандоом – ОшМУ» аталышында сынактар өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө iPhoneдон баштап, ноутбук, смартфондор жана көптөгөн баалуу белектер берилет. 
Иш-чаранын программасы катышуучулар катталгандан кийин QR код аркылуу жеткиликтүү болот жана катталган QR код аркылуу баалуу белектер ойнотулат.
Bilimfest-2023 иш-чарасын белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков алып барат. Учурдагы Тик-ток платформасынын жылдыздары Арген (sigma), Саади жана башка жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ коноктор коштойт.
ОшМУ бул күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерин, ата-энелерди конок катары чакырат.
Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга да күбө болушат. Университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк болот.