Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, белгилүү ырчы, аткаруучу жана обончу Рыспай Абдыкадыровго каза болгондон кийин «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды. Сыйлык анын кызы, Ош мамлекеттик университетинин кызматкери Сюита Рыспаевага тапшырылды.
Мындан тышкары Ош мамлекеттик университетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, окуу жайдын Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун кызматкери, актриса, ырчы-аткаруучу Айпери Кулбаева «Эмгек сиңирген артист» ардактуу наамына татыды.
Кулбаева 2009-жылы окуу жайдын искусство факультетин аяктап, музыка мугалими адистигине ээ болгон. Кесиптик билимин өркүндөтүү максатында 2014-жылы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2017-жылы элдик ырдоо бөлүмүн аяктаган. Ал эми 2018-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы эки жылдык студияда театр жана кино артисти адистигин өздөштүргөн.
Айпери Кулбаева Ош улуттук драма театрында да актриса болуп эмгектенет. Анын чыгармачылык ишмердиги театр өнөрү, элдик ырчылык, аткаруучулук менен айкалышып, кыргыз маданиятына салым кошуп келет.
Маалымат үчүн: Рыспай Абдыкадыровдун атын алып жүргөн Ош мамлекеттик университетинин маданий-эстетикалык борбору 2009-жылы ачылган. Борбордо маданий кечелер, кароо-сынактар, майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, жаштардын искусствого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган иштер жүргүзүлүп келет.