Дүйнөнүн изилдөөчү окумуштуулары ОшМУга келишти

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөнүн изилдөөчү окумуштуулары ОшМУга келишти

Image

Ош шаарында өтүп жаткан Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында  ОшМУда «Айтуучунун тексти мезгил жана мейкиндик ченеминде» эл аралык илимий-практикалык симпозиуму өтүп жатат.  

Эл аралык илимий-практикалык симпозиум Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналды. Ага Франция, Швеция, Япония, Түркия, Иран, Туркменистан, Казакстан, Орусия, Армения, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Азербайжан, Белоруссия, Эстония,  Якутия, Тыва, Башкортостан жана Калмыкия сыяктуу дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн  окумуштуулар, изилдөөчүлөр, манасчылар келди.

Ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору  Руслан Арапбаев, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышууда. Симпозиумда дүйнөлүк эпостордун изилдөөнүн абалы, эпостордун сакталышы боюнча илимий баяндамалар орун алды.

Дүйнөнүн  изилдөөчү окумуштууларынын башын бириктирген жыйында орусиялык окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Владимир Кляусга “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

«Айтуучунун тексти мезгил жана мейкиндик ченеминде» эл аралык илимий-практикалык симпозиуму эки күнгө уланат. Иш-чара ар эки жылда өткөрүлүп келет.

Фото галерея