ОшМУнун PhD докторанттары Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде болушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун PhD докторанттары Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде болушту

Image

ОшМУда филология, колдонмо математика жана информатика программаларынын 1-курсунда билим алып жаткан PhD докторанттары “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы жана ыкмалары” деген предметин алкагында э.и.д., профессор Чинара Кулуеванын жетекчилигинде Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде көчмө сабак өтүп келишти.

Сабактын максаты - ар бир PhD докторант өз ишинде тарыхый-маданий музей комплексиндеги сабактын темасына ылайык өзүнүн адистиги боюнча изилдөөнүн туура ыкмаларын таап жана анын натыйжалуулугун далилдөө болуп саналат.

Сабактын жүрүшүндө “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый - маданий музей-коругунун директору Абдыракманов Султанбек Арстанбекович музейдин тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берди. Архитектуралык курулуштун илгерки тарыхый өзгөчөлүктөрү боюнча Өзгөн шаарынын мурунку архитектору Авазбек Турсунбаев сөз сүйлөдү.

Докторанттар өз темасын изилдөөдө байыркы доордогу коомдун, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн, курулган имараттардын курулуш материалдарын азыркы мезгилдеги менен айырмасын жана артыкчылыктарын издеп табуу менен өзүнүн изилдөө темасы менен байланыштыра алышат. Филология программасынын PhD  докторанттары музей комплексиндеги күмбөздөгү байыркы жазуулардын окулушун которууга аракет жасап, анын маанисин ачканга аракет жасашат, колдонмо математика жана информатика программасынын PhD докторанттары музейдеги 150  геометриялык фигуралардын жайгашышына, комплекстин курулушуна болжол менен канча курулуш каражаттары сарпталганына жана ошондой эле байыркы шарттардагы логистика маселесине жана музей комплексинин байыркы шарттарда болжол  менен кандай шаар болгонун маалымат технологияларынын жардамы менен көрсөтүп берүү аракеттерин айтышты.

Коруктун директору А.С. Абдыракмановдун сунушу боюнча заманбап технологиялардын жардамы менен 5-7 мүнөттүк 3D cүрөттөрдүн видео-графиканын жардамы менен туристтер жана келген ар бир мейман үчүн оңой түшүндүрмө  жасоого волонтер-изилденүүчүлөрдү көмөк көрсөтүүгө чакырды. Берилген сунуштар ОшМУнун тиешелүү структураларына  жеткирилээри айтылды жана проекттерди түзгөнгө негиз түздү.

“Көчмө сабакка катышкан докторанттар тапшырмаларын презентативдик формада даярдашат жана ачык сабакта өз пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк алышат. Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн изилдөө иштер илимий макала катары тиешелүү багыттар боюнча Ош мамлекеттик университетинин илимий журналдарында басылмадан чыгат” -деди профессор Чинара Кулуева.

 

 

 

Фото галерея