Ректор "Кара-Суу" гимназиясынын алдыңкы окуучуларын куттуктады

Башкы Жаңылыктар

Ректор "Кара-Суу" гимназиясынын алдыңкы окуучуларын куттуктады

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучуларды жана республикалык олимпиаданын катышуучуларын кабыл алып, куттуктап, белек тапшырды. Окууларына ийгилик каалап, келечекте ата-энелери, окуткан мугалимдери, жалпы эл-журт сыймыктанган мыкты адис болуусуна тилектеш экендигин билдирди.

2024-жылы ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын 11-классынын окуучусу Абдазим Абдакимов “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон. Ошондой эле республикалык олимпиадага гимназиядан 3 окуу катышып, байгелүү орундарды ээлеген.  

Окуучулар жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) да жогорку упай алышкан. 

Быйылкы окуу жылында “Кара-Суу”  гимназиясынын окуучуларынын жалпы орточо упайы 161,5 упайды түзгөндүгүн мектептин директору Мадина Суюнбаева белгиледи.

ОшМУнун “Кара-Суу” гимназиясы химия, математика, физика предметтери боюнча  тереңдетилген билим берет. Буга чейин гимназиядан 3 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон.

Фото галерея