Майрамбек уулу Баястан ОшМУнун студенттик акыйкатчысы болуп шайланды

Башкы Жаңылыктар

Майрамбек уулу Баястан ОшМУнун студенттик акыйкатчысы болуп шайланды

Image

ОшМУда  студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган студенттик акыйкатчы аппаратына шайлоо өттү.

Шайлоого окуу жайда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин атынан дайындалган 103 делегат катышып, алар бюллетень аркылуу добуш беришти. Шайлоо комиссиясынын төрагасы ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасынын орун басары Бакыт Турдубаев, эсептөө комиссиясынын курамында окуу жайдын “Дидактика” гезитинин редактору Тургунбай Алдакулов, окуу жайдын коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Уланбек Калбаев болду.

Шайлоонун жүрүшүндө алгач университетте 2 жыл аралыгында иш алып барган студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы Бекжан Жумабаев  аткарылган иш-аракеттер боюнча жыйынтык отчетун берди.

Жыйындын жүрүшүндө студенттик акыйкатчы аппаратына эки талапкер делегаттарды өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, ийгиликтери тууралуу видеороликтерди коюп, берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Майрамбек уулу Баястан  69 добуш менен студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы болуп  шайланды.

Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы кызматы 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Студенттик акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылат.

Фото галерея