Туран-Иран борбору менен Чыгыш таануу институту кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Туран-Иран борбору менен Чыгыш таануу институту кызматташат

Image

Казакстандагы Р.Сулейманов атындагы Чыгыш таануу институтунан жана Аль Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинен Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чакыруусу менен профессор Ислам Жеменей баштаган атайын делегация келди.

Делегацияны эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев кабыл алып, окуу жай тууралуу кеңири маалымат берип, эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышышты.

Пикир алышуудан соң Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев конокторду Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана магистранттары менен менен тааныштырды. Ошондой эле, Сулайман Тоого, Өзгөн шаарына экскурсия уюштурду.

Профессор Ислам Жеменей менен доцент Жолдошбек Бөтөнөев Туран-Иран борбору менен ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Фото галерея