Студенттерге шайлоого катышуунун тартиби түшүндүрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге шайлоого катышуунун тартиби түшүндүрүлдү

Image

23-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү студенттер менен жолугушту.

БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова студенттерге шайлоонун мааниси, добуш берүү тартиби, шайлоочулардын укуктары, шайлоого катышуу жол-жоболору тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле шайлоо процессине байланыштуу видеороликтер көрсөтүлдү. Иш-чарада «Бир бюллетень – бир добуш!» ураанынын мааниси да түшүндүрүлдү. Студенттерге шайлоочулар алдын ала белгиленген тартипте өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо участогунан добуш бере ала турганы айтылды. Бул жарандар үчүн добуш берүүнү жеңилдетүүгө багытталган.

Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева студенттердин коомдук-саясий турмушка катышуусу маанилүү экенин белгиледи. Ал университеттин аймагында алты шайлоо участогу уюштурулганын айтып, 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого студенттерди активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда студенттердин шайлоо тууралуу алган маалыматтарын бекемдөө максатында Kahoot платформасында суроо-жооп оюну өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды.

«Келечек бизден башталат» урааны менен уюштурулган иш-чара жаштардын шайлоо тууралуу маалымдуулугун арттыруу, шайлоо укуктарын түшүндүрүү жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

 

Фото галерея