Конституциянын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Конституциянын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция уюштурулду

Image

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган “Конституция жана юридика илиминин өнүгүү маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Эл аралык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаардык мэриясынан, Конституциялык Соттон, Жогорку Соттон өкүлдөр, Польшадан, Түркиядан, Чехиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген белгилүү илимпоздор, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышууда. Конференциянын жүрүшү онланда ZOOM платформасы аркылуу да чагылдырылып турду.

Пленардык отурумда Президенттин кеңешчиси, КРСУнун юридика факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, ю.и.д., профессор Бекбосун Борубашев, Казакстандан келген окумуштуу, Д.АКунаев атындагы Евразиялык юридикалык академиясынын ректорунун кеңешчиси, ю.и.д., профессор Эркин Дуйсенов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, КРнын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Укуктук жана саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси, ю.и.д., профессор Автандил Арабаев, Орусиядан келген окумуштуу, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору, ю.и.д., профессор Надежда Нижник, Түркиядан келген окумуштуу, Йылдыз техникалык университетинин профессору Али Чаксу пленардык жыйында илимий баяндамаларын жасашты.

Күндүн экинчи бөлүгүндө окумуштуулар 3 секцияда илимий баяндамаларын жасашат.  

“Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн иш-чаралар планына ылайык уюштурулду. Биз буга чейин факультетте бир нече илимий конференцияларды, тегерек столдорду, лекцияларды, маданий кечелерди уюштурганбыз”, -деди Юридика факультетинин деканы Гулсара Кулдышева.

Фото галерея