Акын Кожогелди Култегиндин жаңы ырлар жыйнагынын таанытым кечеси өттү

Башкы Жаңылыктар

Акын Кожогелди Култегиндин жаңы ырлар жыйнагынын таанытым кечеси өттү

Image

ОшМУда Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин  жаңыдан жарык көргөн “Адамдар – чекиттердин жарымындай” аттуу ырлар жыйнагынын таанытым кечеси болуп өттү.

Кечеге акындын калемдештери, Ош шаарындагы поэзия ышкыбоздору, ОшМУнун жамааты катышты. Куттуктоо сөзүн жолдогон окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова бүгүнкү санариптик коомдо адамдардын жан дүйнөсүнө поэзия абдан зарыл экендигин кошумчалады.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиев, кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Медергүл Таабалдиева акын Кожогелди Култегиндин  чыгармачылык ишмердүүлүгү  тууралуу баяндама жасашты.

Саамалыктын жүрүшүндө “Жигер” чыгармачылык борборунун акындын ырларынын негизинде даярдалган сахналык көрүнүштөрү, окуу жайдын “Арууке” бийчилер тобунун, “Салтанат” фольклордук-ансамблинин ыр, бийлери тартууланып, акындын ырдары көркөм окулду.

Кеченин коногу Кожогелди Култегинге “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылды.

Кыргыз Эл акыны Кожегелди Култегин ОшМУнун китепканасына  5 томдук китебин  белек кылды.

 

 

 

 



 

 

Фото галерея