Окутуучулар билим берүү сапатын башкаруунун заманбап технологияларын өздөштүрүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар билим берүү сапатын башкаруунун заманбап технологияларын өздөштүрүштү

Image

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунун биргелешкен аракеттеринин алкагында 29-30-май күндөрү "Дисциплиналарды окутууда STEM технологияларын колдонуу" жана "Билим берүү сапатын башкаруунун заманбап технологиялары" программалары боюнча 72 саат көлөмүндөгү квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду. 
 Окуу курсунун башталышы менен ОшМУнун инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча проректору  Кубаныч Токторов, Аккредитация жана сапат бөлүмүнүн башчысы Мейликан Алтыбаева, Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Абдыжапар Аккулов сөз сүйлөштү.  Учурдагы кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун актуалдуулугу, бул багыттагы кызматташтыктын өлкөбүздөгү өзгөчө макам алган жогорку окуу жайларынын ортосундагы мааниси, интеграциялык процесстерди биргелешип жүргүзүү, жогорку билим берүүдөгү жана илимий изилдөө иштериндеги сапатты камсыз кылуу, компотенцияны арттыруу багытындагы максаттар жана милдеттер жөнүндө белгилешти. 
Эки күндүк курстун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея