Чет өлкөлүк студенттер үчүн эссе сынагы уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер үчүн эссе сынагы уюштурулду

Image

ОшМУда билим алып жаткан чет элдик студенттердин ортосунда “Биз жашап, окуп жаткан өлкө, шаар” аттуу адабий конкурсу өттү. Сынак чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстан, Ош шаары жөнүндөгү пикирлерин билүү, алардын жазуу чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, сөз байлыктарын өстүрүү, өздөрү окуп, жашап жаткан өлкө жана шаарга болгон сүйүүлөрүн күчөтүү, студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Сынакка 20дан ашуун эссе келип түшкөн.

Материалдарга Америка таануу жана котормо кафедрасынын башчысы Гүлзат Аипова баштаган калыстар тобунун курамы талдоо өткөрүштү. Англис, орус жана кыргыз тилдеринде түшкөн дилбаяндардын ичинен 8 эмгек тандалып алынып, орундар бөлүштүрүлдү.

Жыйынтыгында “Гран-при” номинациясына Эл аралык медицина факультетинин студенти Кумар Ришаб, “Жеңүүчү” номинациясына Медицина факультетинен Нурболот Ураимов, 1-орунга Орус филологиясы факультетинин студенти Аяна Кадаева,  2-орунга эл аралык медицина факультетинин студенти Акела Анкит, 3-орунга Табият таануу жана агрардык технологиялар факультетинен Шерзод Каршибаев татыктуу болушту. Ал эми “STEM” колледжинин студенти Дарья Тукирова, эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Зуура Раимбердиева жана эл аралык медицина факультетинин студенти Сонкар Каран активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты.

Бөлүм 2022-2023-окуу жылынын экинчи жарымында чет өлкөлүк студенттер үчүн маданий, интеллектуалдык жана спорттук багыттагы бир нече таймаштарды, сынактарды өткөрдү.

Фото галерея