Евразиялык университеттер тармагынын координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү 

Башкы Жаңылыктар

Евразиялык университеттер тармагынын координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү 

Image

Жыйынга он-лайн режиминде Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев катышып, аткарылган иштердин жыйынтыгы жана Евразиялык университеттер тармагына  мындан аркы катышуунун келечеги тууралуу баяндама жасады.
ОшМУ 2022-жылдын 16-июнунда 3 багыт  «Экономика» «Эл аралык соода», «Эл аралык мамилелер» боюнча Евразиялык университеттер тармагына  кошулуу боюнча меморандумга кол койгон. Бул убакыттын ичинде Россиянын Элдердин достугу университети жана Новосибирск мамлекеттик агрардык университети менен  «Экономика» багытындагы «Эл аралык соода» адистиги боюнча биргелешкен билим берүү программасын түзүү  боюнча макулдашылып, келишимдерге кол коюлду. Студенттер буга чейин Россотрудничество агенттиги аркылуу окууга катталган.
ОшМУ консорциумга киргендигине аз гана убакыт болгондугуна байланыштуу Евразиялык университеттер тармагы аркылуу окууну каалаган айрым студенттер каттоого үлгүрбөй калган. Мындан улам  координациялык кеңешке Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча сунушун берди.Ошондой эле Абдыганы Абдувалиев ОшМУ Консорциумдун бардык мүчөлөрү менен кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

Фото галерея