Билим берүү: "Invention of mothers" жана "Патофизиология лихорадки"

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: "Invention of mothers" жана "Патофизиология лихорадки"

Image

2023-жылдын  1-июнунда   Эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу Сагынгүл  Ыдырысова "Практический курс первого иностранного языка" дисциплинасы боюнча АПЛ-1-22 группасында "Invention of mothers" (Апалардын ойлоп табуусу)  деген темада ачык сабак өттү.

Сабак алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана жаш окутуучуларга методикалык жардам көрсөттүү максатында өтүлдү. Сабакка структуранын методикалык кеңешинин төрайымы, бөлүм башчы жана жаш окутуучулар катышты. Бул ачык сабак "Үмүт" телестудиясы тарабынан видеого тартылып алынды.

Ушул эле күнү 1- академиялык саатта медицина факультетинин " Общая клиническая биохимия и патофизиология" кафедрасынын ассистент-окутуучусу Мунара Абдуллаева ЛК-7-Б-21 группасында Патофизиология дисциплины боюнча  "Патофизиология лихорадки"  деген темада ачык сабак өттү.

Сабакка  кафедра   башчысы, ББСБнын  сапат менеджменти секторунун башчысы М.М.Былыковалар катышты. Сабактын аягында окутуучунун  өтүлгөн сабагына  ой-пикирлер, методикалык сунуштар айтылды.