Ректор Кытайда бир нече жолугушууларды өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кытайда бир нече жолугушууларды өткөрдү

Image

КРнын КЭРдеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Актилек Мусаева менен ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, пикир алышты.

Мында эки тарап ОшМУда Лубан институтун ачуу тууралуу жана кытай тилдүү адистерди даярдоо тууралуу сүйлөшүштү. Элчи айым Кытайда өндүрүштүн көптөгөн тармагында  өзгөчө тоо кен, логистика, экономика, юридика багыттарындагы кытай тилин мыкты билген кесипкөй адистерге суроо талап күч экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле элчилик тараптан  ОшМУда Лубан институтун ачуу боюнча бардык керектүү колдоолор көрсөтүлөрүн билдирип, ОшМУнун жалпы жамаатына ийгиликтерди каалады.

Андан сырткары К. Кожобеков Бээжин шаарындагы Эл аралык кытай тили фондунун төрагасынын орун басары Жао Линшан мырза менен жолукту.

Жолугушуу учурунда ОшМУнун Конфуций институтунун ишмердүүлүгү жана мындан ары өнүгүү пландары талкууланды. Төраганын орун басары Жао Линшан мырза Конфуций институтунун ишмердүүлүгүн жогору баалап, Кыргызстанда ОшМУ кытай тилинен котормочу жана кытай таануучу адистерди даярдап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Фото галерея