Эл аралык йога күнүнө карата иш чара өтөт

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык йога күнүнө карата иш чара өтөт

Image

Бүгүн, 2023-жылдын 9-июнунда ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов жана ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Раджеш Кумар мырза менен жолугушту. Тараптар Ош шаарында эл аралык йога күнүнө даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Салт боюнча бул майрам Ош шаарында Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Ош шаарынын мэриясы жана ОшМУ менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Майрамдык программада YogaMama борборунун презентациялары, машыгуулар, ОшМУнун индиялык студенттеринин бий тобунун аткаруусу, Индиянын улуттук музыкасы, кыргыз улуттук тамактарынын көргөзмөсү орун алат. Активдүү катышуучуларга сертификаттарды тапшырылат.

Иш-чара 21-июнда, борбордук шаардык стадиондо өтөт.

Фото галерея