«Универсиада - 2023» мелдешинде ийгилик жараткандар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

«Универсиада - 2023» мелдешинде ийгилик жараткандар сыйланды

Image

ОшМУда Кыргыз Республикасынын «Универсиада - 2023» мелдештерине катышып,  байгелүү орундарга ээ болгон курама командалар, ийгилик жараткан студенттер, машыктыруучулар сыйланды.

Ректор Кудайберди Кожобеков университет дайыма спортчуларды, искусство тармагын моралдык, материалдык жактан колдоп келе жаткандыгын жана колдой бере тургандыгын белгилеп, алдыдагы профессордук-окутуучулук курамдын арасында өтүүчү “Ден соолук” спартакиадасынын катышуучуларына да ийгилик каалады.

«Универсиада - 2023» мелдештеринде байгелүү орундарды ээлеген курама командаларга, машыктыруучуларына жана мыкты оюн көрсөткөн спортчу студенттерге окуу жайдын Ардак грамотасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

«Универсиада - 2023» мелдештеринде ОшМУдан 17 спорттун түрү боюнча жалпысынан 23 команда катышкан. Жыйынтыгында ОшМУнун волейбол боюнча балдар, кыздар командалары, ордо боюнча балдар, кыздар командалары 1-орунду ээлешип, чемпион аталышкан. Ал эми жеңил отлетика боюнча балдар, кыздар командалары, бокс, тогуз коргоол  боюнча командалары 2-орунду, стол тенниси, самбо, шахмат, футзал балдар командалары 3-орунду ээлешкен.

Кече концерттик программа менен коштолду.

 

Фото галерея