Ден соолук – 2023: ОшМУ алдыңкы орунду багындырды

Башкы Жаңылыктар

Ден соолук – 2023: ОшМУ алдыңкы орунду багындырды

Image

 

ОшМУнун 100гө жакын агай-эжекелери Ысык-Көлдө өтүп жаткан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин "Ден соолук-2023" спартакиадасына катышты. Жыл сайын өтүүүчү иш-чаранда спорттун волейбол, футбол, стритбол, шахмат, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол түрлөрү боюнча мелдештер орун алды.
Волейбол боюнча 40 жашка чейинки кыздар командасы 1-орун, жигиттер командасы 1-орун, футзал боюнча 40 жашка чейинки жигиттер командасы 1-орун, теннис боюнча кыздар командасы 1-орун, жигиттер командасы 2-орунга ээ болду.
Ал эми шахмат боюнча кыздар командасы 1-орун, ордо боюнча 2-орун, стритбол боюнча жигиттер командасы 3-орун, волейбол боюнча 40 жаштан жогору эркектер арасында жигиттер командасы 3-орун, футзал боюнча 45 жашка чейинки команда 1-орунду жеңип алышты. Жалпы командалык эсеп менен ОшМУ 1-орунду ээлеп, калган командалардан алда канча алдыга чыкты.

Фото галерея