Казакстанда психологдордун I Эл аралык форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

Казакстанда психологдордун I Эл аралык форуму өттү

Image

Казакстандын Астана шаарында  “Балдардын жана жаштардын жөндөмдүүлүгүн жана таланттуулугун диагностикалоонун жана өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу психологдордун I Эл аралык форуму өттү.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Польша, Венгрия жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын психологдору катышкан иш-чарага «Кыргызстан психологдордун» коомунун президенти Чынара Шакеева жана ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева катышып келди.

Форумдун эки күндүк ишинин алкагында психолог изилдөөчүлөр жана практиктер балдардын жана жаштардын потенциалын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

“Биз форумдун алкагында Астана шаарындагы мектептердин психологдорунун иш аракеттери менен таанышып чыктык. Андан сырткары Н. Гумилев атындагы  Евразия улуттук университетинин психология кафедрасынын башчысы Алия Маматалиева менен жакындан таанышып, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, ОшМУдан барып билим алып жаткан психология адистигинин студенттеринин окуу ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери жөнүндө пикир алыштык”,-деди психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева.

Фото галерея