Университетте венгер таануу борбору иштеп баштады

Башкы Жаңылыктар

Университетте венгер таануу борбору иштеп баштады

Image

Бүгүн, 12-июлда ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин базасында венгер таануу борборунун ачылыш аземи болду. Ага Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, ректор Кудайберди Кожобеков, Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Сайкал Ибраимова жана факультеттин жамааты катышты.

Иш-чаранын алкагында элчи мырза Эл аралык мамилелер факультетиндеги студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мындан сырткары студенттер тарабынан венгер акын-жазуучуларынын чыгармаларынан даярдалган көркөм окуусуна күбө болуп, белектерин тапшырды.

Алсак, 2020-жылдан бери Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги мырза менен ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин базасында венгер тилин жана маданиятын изилдөө борборун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген.  Венгрия Элчилиги менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы расмий кат алмашуунун натыйжасында жана элчиликтин көмөгү менен 2021-жылдын март айында Венгер тили жана маданияты борбору түзүлгөн.

Бул борбордун ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий, илимий жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Тактап айтканда, эл аралык мамилелер факультетинин студенттерине венгер тилин үйрөтүү, венгер маданияты боюнча түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруу каралган. Ошондой эле, бул борбор ОшМУ менен Венгриянын ЖОЖдорунун байланышын кеңейтүүгө салым кошот.

 

Фото галерея