Түштүк Кореянын Кванджу университети кызматташууга кызыктар

Башкы Жаңылыктар

Түштүк Кореянын Кванджу университети кызматташууга кызыктар

Image

ОшМУга Түштүк Кореянын Кванджу университетинин ректору Чон Чжон Хван баштаган делегация келди. Алар менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп,  өз ара байланыштар, алдыдагы кызматташуунун перспективалары боюнча пикир алышты.

Ошондой эле Кванджу менен ОшМУнун кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешип илимий, маданий иш-чараларады өткөрүү, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сүйлөшүштү.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын тарыхы, билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багытында жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берди. Мындан сырткары  2022-жылы ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде корей тили жана маданияты борбору ачылганын белгиледи.

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин кошумчалады.

Фото галерея