Абитуриент-2023: Бүгүндөн КООЖдорго өткөн абитуриенттер документ тапшырса болот

Башкы Жаңылыктар

Абитуриент-2023: Бүгүндөн КООЖдорго өткөн абитуриенттер документ тапшырса болот

Image

10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр түшкөн үч илтиктин каратына Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи кирип, жалпы 1 миң 49 арыз түшкөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларына тандоонун  биринчи турунда өлкө боюнча 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды.

2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн  https://2020.edu.gov.kg/spuz/   автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.  Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Эскерте кетсек, тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.

Бүгүн, 24-июлдан  ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды.

Фото галерея