ОшМУ Эразмус + программасы боюнча «Green and Digital University» долбооруна катышат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Эразмус + программасы боюнча «Green and Digital University» долбооруна катышат

Image

Окуу жай Евробиримдиктин тандоосунун жыйынтыгы менен Кыргызстандагы 10 университет жана Европадагы 2 университет менен бирге Эразмус + программасы боюнча 3 жылдык «Green and Digital University»  долбоорун ишке ашырат. Долбоордун бюджети 1 млн. евро.

«Долбоорго катышууга салым кошкон КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына жана академиянын ректору Чынара Адамкуловага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Аталган долбоорго документтерди ректор Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев,  зоология жана экология кафедрасынын башчысы Абдиманнап Абдыкааров, колдонмо информатика жана  информациялык коопсуздук кафедрасынын башчысы Улукбек Эркебаев, эл аралык байланыштар департаментинин башкы адиси Зилола Рахимовалар даярдашкан», -деди ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев.

2022-жылы ОшМУ тарабынан документтерди эл аралык байланыштар департаменти  Эразмус + программасы боюнча "Development of financial autonomy of universities in Kyrgyzstan, DEFA" долбооруна даярдап тапшырып, учурда ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.