Магистрант  Гүлшаной Сатарова дүйнөлүк чемпионатка  катышууда

Башкы Жаңылыктар

Магистрант  Гүлшаной Сатарова дүйнөлүк чемпионатка  катышууда

Image

Кыргызстандык эки жөө күлүк жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышууда. Алардын бири  ОшМУнун дене тарбия факультетинин магистранты Гүлшаной Сатарова.

Дүйнө чемпионаты Венгриянын борбору Будапешт шаарында 19-август күнү башталып,  27-августка чейин уланат.

Магистрант Гүлшаной Сатарова  спорттун жеңил атлетика түрү менен 20 жылдан бери машыгат.  Ал айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу. Ошондой эле Азиянын эки жолку чемпиону, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азия оюндарынын жана Иранда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Андан сырткары Малайзияда өткөн жеңил атлетика турниринде 800 жана 1500 метрге чуркоодо 2 алтын медаль уткан.
Гүлшаной Сатарова  Кыргызстандын олимпиадага даярданып жактан 15 спортчусунун катарында.

Фото галерея