![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Илим техника космикалык ылдамдыкта өнүгүүдө. Бул албетте коомдук турмуштун бардык тармактарына жаңы талаптарды коюууда. ОшМУ мезгил талабына ылайык нанотехнология жана жасалма интеллект илимий-изилдөө институтун ачты. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жаңы ачылган институтка мамлекеттик ишмер Н.Исановдун ысымы ыйгарылды. Аталган институттун көтөргөн жүгү жана алдыга койгон максаттары боюнча мекеменин директору физика-математика илимдеринин доктору И.Ташполотов айтып берди.