ОшМУда мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелиги ачылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелиги ачылат

Image

Ош мамлекеттик университетинде  2023-жылдын 31-августунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Насирдин Исановдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу  илимий-практикалык конференциясы  өтөт.

Конференциянын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин катышуусунда Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында Насирдин Исановдун эстелигинин ачылыш аземи болот.

Илимий-практикалык конференциясында  Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн  көрүлгөн тарыхый процесстер  талкууланат.

Кыргызстандын эгемендик алгандан берки өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар, чакырыктар жана жетишкендиктер анализденет. Экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү реформалардын башаты, жүрүшү жана перспективалары талданат. Республиканын туңгуч өкмөт башчысы катары Насирдин Исановдун өлкөнүн саясий турмушундагы тарыхый ролуна жана жаңы саясий системанын калыптанышына кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулат.

Конференция саат 10:00 – 16:00 аралыгында ОшМУнун башкы имаратынан чоң актылык залында өтөт.

Дареги:  Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331.

Байланыш телефон: +9963222 7 08 28

e-mail: science@oshsu.kg