Самбо боюнча Дүйнө кубогунда ОшМУнун студенти коло байгеге татыды

Башкы Жаңылыктар

Самбо боюнча Дүйнө кубогунда ОшМУнун студенти коло байгеге татыды

Image

Чолпон-Ата шаарында өткөн эркектер, кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогуна ОшМУнун медицина факультетинин 3-курсунун студенти Динара Камчыбекова катышты. Анда Динара  Камчыбекова спорттук самбо боюнча 70 кг салмакта таймашып, 3-орунду багындырды.

Мелдешке  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Орусия), ФИАС 2 (Беларус) жана Израилден келген спортчулар катышты.

Ошондой эле, Динара Камчыбекова 4-августтан 14-августга чейин Белоруссиянын Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына катышып, коло байгенин ээси болду.

Фото галерея