Эне тил күнүнө карата студенттер аралык көркөм окуу сынагын жарыялайт! 

Башкы Жаңылыктар

Эне тил күнүнө карата студенттер аралык көркөм окуу сынагын жарыялайт! 

Image

Ош мамлекеттик университетинин “Нур” гезити 23-Сентябрь Эне тил күнүнө карата студенттер аралык көркөм окуу сынагын жарыялайт! 
I ОРУН 5000 СОМ 
II ОРУН 3000 СОМ 
III ОРУН 2000 СОМ 
Сынак ОшМУнун профсоюз комитетинин демөөрчүлүгү менен уюштурулат.Таймаштын максаты — студенттердин чыгармачылыкка болгон табитин калыптандыруу жана эне тилди даңктоо. 
Катышуу үчүн шарттар: 
1. Катышуучу эне тилди даңктаган чыгарманы көркөм окуп, видеоролик даярдап уюштуруучунун дарегине жөнөтөт; 
2. Даярдалган материалды өзүнүн социалдык баракчасына  (инстаграм, фейсбук) @nur_geziti баракчасын белгилеп (отметка), #Нур_гезити жана  #Эне_тилди_даңктайлы! хештегдери аркылуу жарыялайт; 
3. Келген материалдар @nur_geziti инстаграм баракчасына да жарыяланат; 
4. Видеодо өзүнүн толук аты-жөнүн, окуган жерин, калтырууга тийиш;
5. Видеороликтин узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу керек. 
Жыйынтык калыстар тобунун чечими аркылуу аныкталат. Калыстар тобунун курамын редакциялык кеңеш бекитет. Материалдарды кабыл алуу 2023-жылдын 20-сентябрына чейин жүргүзүлөт. Талаптар аткарылбаган учурда катышуучу сынактан четтетилет. 
Байланышуу үчүн: 
Саматулла Маматкары уулу +996 (707) 64-79-02 
Айзирек Гадаева +996 (772) 94-25-55 
Эскертүү!!! 
Сынакка ОшМУнун студенттери гана катыша алат.