АКШдан келген адистер бир жыл ОшМУда тажрыйба алмашат

Башкы Жаңылыктар

АКШдан келген адистер бир жыл ОшМУда тажрыйба алмашат

Image

Ош мамлекеттик университетине бир жылдык мөөнөткө Калифорния штатындагы Байола университетинен келген Эрик Розалес жана Миннисоте штатындагы Карлтон колледжинен келген МкКенна Вирт (Кира) эл аралык байланыштар  бөлүмүнүн башчысы Абдыганы Абдувалиев жана Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө адистер алдыдагы пландаштырылган иштер, байланыштар боюнча боюнча маалымат беришти.

Англис тили боюнча адистер 2023-2024-окуу жылында Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профессордук-окутуучулук курамына окутуунун усулу боюнча тренингдерди өтүп, дүйнөлүк стандартка негизделген илимий макалаларды жазуу ыкмаларын практикалоого, Co-teaching усулу менен интерактивдүү сабак өтүүгө, маданий иш-чараларды жана студенттер үчүн сүйлөшүү клубдарын уюштурууга  көмөк көрсөтөт.

 

Фото галерея