Чет өлкөлүк студенттер менен иштөө иштери жанданат

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер менен иштөө иштери жанданат

Image

Бишкек шаарында 8-сентябрь күнү Жаштарды өнүктүрүү институту Эл аралык миграция уюму менен биргеликте “Айкөл коом” долбоорунун алкагында маалыматтык жолугушуу уюштурду. Жолугушууга ОшМУдан чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчы С.Амиралиев, коопсуздук кызматы бөлүмүнүн жетекчиси Н.Арзиев, эл аралык медицина факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Т.Р. Пайзилдаевдер катышты.

Жыйын Бишкек, Ош шаарларындагы окуу жайларда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандын коомдук-маданий, социалдык-экономикалык, жарандык жашоосуна интеграциялоо, аларга карата шаар тургундарынын мамилесин жакшыртуу, коопсуздугуна кам көрүү, укуктарын сактоо, кабылган кыйынчылыктарын жоюу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында өттү.

Ошондой эле чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында турмуштук кыйынчылыктарга кабылбоосуна шарт түзүү, жергиликтүү калк менен алардын ынтымагын күчөтүү баса белгиленип, бул жаатта Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан иштелип чыккан жумушчу план талкууланды.

ОшМУнун кызматкерлери аталган институттун кызматкерлери менен биргеликте долбоордун алкагында чет өлкөлүк студенттер үчүн жакынкы күндөрү бир нече маданий, спорттук иш-чараларды уюштурууну, аларды шаардын коомдук иштерине тартуу,  коопсуздугун сактоо боюнча өз сунуштарын беришти.

Фото галерея