Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору ОшМУда

Image

Д.Ф. Устинов атындагы "Военмех" Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов баштаган делегация ОшМУда болду. Аталган делегация окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору  Нурлан Омуров, тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров баштаган структура жетекчилери менен жолугушту.  

Жолугушууда делегация эки университеттин алдыдагы кызматташуусу, студенттер, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү тууралуу пикир алышты. Анда аралыктан билим берүү, инженердик-программалык камсыздоо, бизнес информатика жана лингвистика боюнча эки тараптуу билим берүү талкууланды. Аталган долбоор ишке ашса окуу жайдын студенттери 2+2 программасы аркылуу эки жыл ОшМУда, эки жыл "Военмех" Балтика мамлекеттик техникалык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат.

«Бүгүнкү күндө биздин окуу жай ОшМУ менен эки багытта кызматташып жатабыз. Алар бизнес-информатика жана лингвистика. Кызматташуубуздун алкагында студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу аракеттерин көрүп жатабыз. ОшМУнун студенттери эртерээк Санкт-Петербург шаарында жайгашкан биздин университетте болуп, окуу жайыбыздан билим алып, маалыматтык-технологиялар менен таанышса дейбиз”, - дейт ректор Константин Иванов.

Буга чейин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 12-октябрда “ВОЕНМЕХ” атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал эми 2022-жылдын 14-декабрында Балтика мамлекеттик техникалык университетинин орусиялык билим берүү консорциумдарынын долбоорлорун башкаруу борборунун директору Олег Киреев ОшМУда иш сапары менен болгон.

 

 

Фото галерея