А.Абдувалиев өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн сыйланды

Башкы Жаңылыктар

А.Абдувалиев өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн сыйланды

Image

2023-жылдын 12-сентябрында  өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземде ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Абдыганы Абдувалиев “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы менен сыйланды.

Сыйлык өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ири жетишкендиктери үчүн Эгемендүүлүк күнүнө карата берилди.

ОшМУнун жамааты сыйлык ээсин  чын жүрөктөн куттуктап, кесиптик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Фото галерея