Өзбекстандын ЖОЖдору менен алака кеңейет

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын ЖОЖдору менен алака кеңейет

Image

ОшМУнун тышкы иштер боюнча проректору  Курсантбек Аттокуров Өзбекстандын дене тарбия жана спорт адистерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун өкүлү Дилшодбек Абдуллаев  жолукту. Мында  Курсантбек Аттокуров ОшМУ боюнча маалымат берип,  Өзбекстандын окуу жайлары менен көп тараптуу кызматташуу университеттин приоритеттүү багыттарынын бири экендигин белгиледи.

Өз кезегинде дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Дилшодбек  Абдуллаев, өзү иштеген билим берүү мекемеси Ош мамлекеттик университети менен кызматташууга кызыктар экендигин, билдирип, эки окуу жайдын ортосунда жакынкы күндөрү меморандум түзүп иштешүү сунушун киргизди.

Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын 40га жакын ЖОЖдору менен кызматташып келет.

Фото галерея