Коомдук-саясий ишмер А.Эркебаевдин 70 жылдык маарекеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Коомдук-саясий ишмер А.Эркебаевдин 70 жылдык маарекеси белгиленди

Image

Көрүнүктүү адабиятчы, сынчы, коомдук-саясий ишмер, филология илимдеринин  доктору, ОшМУнун Ардактуу профессору, академик Абдыганы Эркебаев 70 жашта. Буга байланыштуу бүгүн,  20-сентябрда ОшМУда “Өрнөктүү өмүр” аттуу  илимий-практикалык конференциясы  уюштурулду.

Алгач Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык маарекесине арналган 6 мүнөттүк видео  тасма көрсөтүлүп, өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң ректор Кудайберди Кожобеков баштаган конференциянын катышуучуларынын куттуктоо сөздөрү орун алды

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Абдыганы Эркебаевдин кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө, кыргыз адабий сынынын бийик эстетикалык чектерге жетишине, Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий турмушундагы өзгөрүүлөргө кошкон салымы боюнча илимий баяндамалар окулду.

Абдыганы Эркебаев  Ош облусунун  Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган. Абдыганы Эркебаев - кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы. Филология илимдеринин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги (1993). Кыргызстандын Улуттук ИАсынын президенти болуп (2012-жылдын 11-апрелинен 2017-жылдын апрелине чейин) иштеген. Учурда 2019-жылдын 3-майынан тартып ал Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келет.

 

Фото галерея