ОшМУнун бизнес паркынын стартаперлери 5 000 АКШ долларын утуп алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун бизнес паркынын стартаперлери 5 000 АКШ долларын утуп алды

Image

Кыргызстанда байге фонду 15 миң долларды түзгөн “Стартап-улут” хакатону өтүп, анын жүрүшүндө ОшМУнун бизнес паркынын стартаперлери 5 000 АКШ долларын утуп алышты.

Жеңишке жеткен “Smart barier” долбоору 2023-жылдын 2-июнунда Кыргызстандагы эң мыкты стартап-долбоорлордун ТОП-10дугуна кирген.

ОшМУнун командасын Бизнес парктын стартаперлери, ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү көрсөтүп, мыкты жыйынтыкка жетишти.

“Стартап-улуттун” негизги максаты жаштарды бизнес секторуна окутуу жана тартуу, аларга ишкердик боюнча тажрыйба алуусун шарттаган аянтча менен камсыз кылуу, креативдүү чечимдерди табуу жана стартап ой-жүгүртүүсүн калыптандыруу болуп саналат.

Иш-чарада 1000 стартаперлер Кыргызстандын стартап экосистемасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала турган улуттук масштабдагы стартап долбоорлорун сунушташты.

20-сентябрда хакатондун жарым финалы жана жабылыш аземи болуп, анда жарым финалга чыккан 150 стартаперлер өз долбоорлорун тартуулашты.

 

 

 

Фото галерея