Евразия улуттук университетинде ОшМУнун 63 студенти академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Евразия улуттук университетинде ОшМУнун 63 студенти академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатат

Image

2023-2024-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстандын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун 63 студенти билим алууда.

Жыл сайын  Евразия улуттук университетинен ОшМУнун 50дөн ашуун студенти академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышып, Евразия улуттук университети тарабынан акысыз жатакана менен камсыз болуп келишет.

ОшМУда Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борбору орун алса, Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору ачылган.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети QS World University Ranking рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты 300 жогорку окуу жайынын катарына кирген окуу жай. Ошондой эле “Изилдөө университети” деген макамы бар.