ОшМУнун кызматкерлери  DigitalSkills 2023 чемпионатына катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери  DigitalSkills 2023 чемпионатына катышууда

Image

Татарстандын Казань шаарында 2023-жылдын 20-сентябрынан 23-сентябрына чейин DigitalSkills 2023 санариптик технологиялар тармагында V тармактык чемпионаты өтүп жатат. Чемпионатка  Кытай, Орусия,  Бразилия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Африка өлкөлөрүнөн 600 дөн ашуун өнөр жайдагы чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттеринен куралган командалар күч сынашууда. 
Кыргызстандын курама командасынын  курамында ОшМУнун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Бектур Азимов, окутуучу Султанбек Камалов катышууда. 
DigitalSkills – бул технология тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу, өлкөнүн экономикасын санариптештирүүгө салым кошуу, тажрыйба алмашуу жана эксперттик коомчулуктун баасын алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн эл аралык чемпионат болуп эсептелет. 
Чемпионат маалымат жана санариптик технологиялар тармагындагы 33 компетенция боюнча өткөрүлүүдө.  Салт боюнча, сынактын олуттуу бөлүгү FutureSkills компетенциялары менен көрсөтүлөт. Алар санариптик технологиялардын таасири астында салттуу тармактарды трансформациялоодо пайда болгон кросс-компетенттерди камтыйт.

Фото галерея