Т. Айтикеев Кытайда жогорку сыйлыкка татыды

Башкы Жаңылыктар

Т. Айтикеев Кытайда жогорку сыйлыкка татыды

Image

ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев Пекин шаарындагы Конфуций институттарынын штаб квартирасы тарабынан Конфуций институтунун «10 жылдык юбилейи» медалы  менен сыйланды.

Сыйлоо аземинде Кытайдын Билим берүү министрлигинин алдындагы кызматташуу жана эл аралык тил борборунун директору Ма Цзяньфэй Токтосун Айтикеев 10 жылдан ашуун убакыт талыкпай эмгектенип Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жатканын баса белгилеген.

Аны менен катар эле дүйнө жүзүндөгү  эң мыкты Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетин жетектеп ийгиликтерди жаратып жаткандыгын кошумчалаган.

Буга чейин ОшМУнун Конфуций институту дүйнө жүзүндөгү  500дөн  ашуун институттардын арасынан «Эн мыкты Конфуций институтут наамына» ээ болгон.

Фото галерея