![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Математика жана информациялык технологиялар факультетинде конференция залы толук кандуу оңдоо түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Заманбап конференция залынын ачылыш аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам катышты.
Конференция залы заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, интерьери заман талабына жараша кооздолуп, жасалгаланган.
Алдыда конференция залында пленардык отурумдар, маданий багыттагы иш-чаралар уюштурулат. Буга чейин аталган конференция залы Жумабай Сагындыков атындагы студенттик лекциялык залы болгон.