ОшМУнун топ - 20 студенти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун топ - 20 студенти

Image

ОшМУда студенттер үчүн "ОшМУнун топ-20 студенти" стипендиялык программасы  иштелип чыгып, алгачкы жолу тапшырылды. Бул стипендиялык программага ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган студенттер катышкан.

Жобого ылайык, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо автоматтык түрдө АВН маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүп, жеңүүчүлөрдүн тизмесин сайт өзү түзүп берген.

Эми жеңүүчү ОшМУнун эң алдынкы топ 20 студентине учурдагы окуу жылынын ар бир айы үчүн 1000 сомдон өздүк карталарына которулуп турат.

Бул стипендия - Президенттик, Атуулдук жана Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясынан айырмаланып, студенттин коомдук-маданий, спорттук жетишкендиктерин талап кылбастан, окуу жана илим ишмердүүлүгүнүн гана жыйынтыгы каралат.

Аталган стипендиялык программа академиялык жетишүүсүндө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн окуу жайдагы студенттерге моралдык жана материалдык дем берүү максатын көздөйт.

Быйылкы окуу жылында тандалып алынган стипендиаттар:

1. Наргиза Жолдошбай кызы ИПК

2. Айке Замирбекова ФЮК

3. Байсал Минишев ФЮК

4. Мафтунохан Номанджанова ИПК

5. Таттыбүбү Өмүрзакова ФЮК

6. Гулнур Кыдырова ИПК

7. Самира Матазимова ФЮК

8. Канышай Өмүрзак кызы МИТ

9. Элнура Сүйүн кызы ФЮК

10. Уулкан Кубатбек кызы ФТФ

11. Зулайка Аппозова МИТ

12. Нурайым Айдарбекова-МИТ

13. Самат Салимбек уулу ФЮК

14. Кадырбек Маматбакыт уулу МИТ

15. Диана Нурланкызы МИТ

16. Зиябидин Абдыкадыров ИПК

17. Акмарал Алмасбек кызы ФТФ

18. Элнура Айбек кызы ККФ

19. Гүлзина Жунусова МИТ

20. Кенеш Эмилбеков ФТФ

Фото галерея